Бугу 12, 2024
Убакыт: 06:11
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кадамжайда милиция Өзбекстан менен чектеш айылдарды кыдырды

21.04.2022 10:18
709
Кадамжайда милиция Өзбекстан менен чектеш айылдарды кыдырды

Кадамжайда милициянын көчмө кабылдамасы чек ара айылдарын кыдырды. Бул тууралуу  Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Кадамжай РИИБдин кызматкерлери Халмион айыл аймагынын чек арада жайгашкан Ынтымак, Өрүкзар, Чекелик, ошондой эле Алга айыл аймагынын 63 км алыстыктагы тоолуу Шыбыран айылына барып эл менен жолукту. Элет жеринде кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукка жол бербөө максатында профилактикалык иштер жүргүзүлдү.


Милициянын көчмө кабылдамасы алыскы аймактарда жайгашкан жергиликтүү тургундардын көйгөйүн чечүүгө чоң жардам берет. Бул аймакта жайгашкан жергиликтүү тургундардын негизги көйгөйү социалдык жактан болуп, балдардын пособия маселеси, сугат суунун жетишсиздиги боюнча кайрылуулар көп түштү. Милициянын көчмө кабылдамасына катталган кайрылуулар, жыйналып тийиштүү мекеме-ишканаларга кат жолдонуп, өткөрүлүп берилди.   



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн