Кадамжай районунда каза болгон 9-класстын окуучусу Айдай Кочкораванын өлүмү боюнча айыпталган жигиттердин бири 10 жылга, бири өмүр бою эркиндигинен ажыратылды.
Айыпталуучу Б. уулу Э. (кармалган учурда 11-класстын окуучусу болчу) бир нече берене менен күнөөлүү деп табылып, 10 жылга кесилди. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы кабарлады.
- Кымыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү (адам өлтүрүү);
- Кымыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 2-бөлүгү (зордуктоо);
- Кымыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 2-бөлүгү (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер);
- Кымыш-жаза кодексинин 165-берененин 2-бөлүгү (адамды уурдоо).
Айыпталуучу Д.Г. бир нече берене менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылды.
- Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүгү (адамды уурдоо) ;
- Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 3-бөлүгү (өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу коркунучу менен коштолгон зордуктоо);
- Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 3-бөлүгү (өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү коркунучу менен коштолгон сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер);
- Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү (адам өлтүрүү);
- Кылмыш-жаза кодексинин 180-беренесинин 3-бөлүгү (баланы кылмыш жасоого тартуу).
2022-жылы 4-сентябрда Кадамжай районунда 9-класстын окуучусу зордукталып, киши колдуу болуп көз жумганы кабарланган. Кылмышка шектелип 4 жигит кармалган.
Айдайдын өлүмүнө айыпталган 2 жигит абакта асынган абалда табылган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн