.
Кадамжай РИИБнин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери “Транзит” аталыштагы иш-мерчемин жүргүзүштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-мерчемдин негизинде район аймагындагы билим берүү мекемелерине, мектептерге барып жаш өспүрүмдөр менен баарлашып, аларга баңгизаттардын, тамеки, насвай, энергетикалык суулардын ден соолукка зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн