Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:46
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

«Кадастрдын» кызматкерлери муниципалитеттин менчигиндеги жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештиришкен

22.02.2024 11:26
555
«Кадастрдын» кызматкерлери муниципалитеттин менчигиндеги жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештиришкен


Ошто жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Ош филиалынын жооптуу кызматкерлери (мурда - “Кадастр” ММнын Ош филиалы) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүү максатында Ош шаардык сотунун 2017-жылдагы чечиминде жер тилкесин жеке менчикке берүү каралбагандыгына карабастан, Ош шаарынын Нурматов көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчикте турган 171 чарчы метр жер тилкесин 2021-жылдын 16-мартында С. у. Э. аттуу жарандын атына аталган соттун чечимин негиз кылып жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мыйзамсыз беришкендиги аныкталды.

Натыйжада мамлекетке 7 млн 267 миң 500 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Ош ШИИБине тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн