Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 14:08
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кадыр Кошалиев: Элге ачык айта турган сөздөрүм али алдыда

26.05.2023 12:08
374
Кадыр Кошалиев: Элге ачык айта турган сөздөрүм али алдыда

Жакында эле мурдагы президент Курманбек Бакиевден маек алып, чуу жараткан Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын төрагалыгынан убактылуу кетти. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, азыркы учурда комиссия ага байланыштуу маселени иликтеп жатат.


"Биринчи Элдик Курултайдын делегаттары бекиткен Регламенттин 5-главасындагы төраганын ыйгарым укуктары жөнүндөгү талаптарга ылайык менин тегерегимдеги маселелерди делегаттардан жана адистерден турган комиссия тактаганга чейин Курултайдын Аксакалдар кенешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын убактылуу орун басарым Бейшенбек Абдразаковго өткөрдүм. 

Азыр интриганы токтотуп, ишке маани берели.. "Элдик курултай жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышына салым кошолу. Менин элге ачык айта турган сөздөрүм али алдыда",- деди Кошалиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн