Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кадыр Кошалиев Курманбек Бакиевден маек алуу үчүн УТРКдан уруксат алган эмес

18.05.2023 08:15
260
Кадыр Кошалиев Курманбек Бакиевден маек алуу үчүн УТРКдан уруксат алган эмес

Улуттук телерадио корпорациясынын кызматкери, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Кыргызстандын мурдагы президенти, учурда Беларуста баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиев менен маеги жарыяланды.


УТРКнын продюсери Алмаз Касымалиев бул боюнча журналисттерге комментарий берди. Анын айтуусуна караганда, журналист Кадыр Кошалиев Курманбек Бакиевден маекти быйыл февраль айында Орусияга барганда алган, бирок ал үчүн жетекчилик менен макулдашкан эмес.


«Ал убакта Кадыр Кошалиев УТРКда келишимдик негизде иштеп жаткан. Орусияга барып келгенден кийин «кыргыздар жөнүндө эки программа тартып келдим, андан сырткары маек алдым» деди. Маек тууралуу мени менен, жетекчилик менен да макулдашпаганы белгилүү болду. Муну эфирге сунуштаган да эмеспиз», — деди Касымалиев.


«ПолитКлиника» медиасы бул маек УТРКга караштуу «Маданият, тарых, тил» телеканалында жарыяланып жүргөн «Кыргыз ааламы» берүүсүнүн форматында жасалганын аныктаган. Ютуб каналдарга чыккан маекте быйыл апрелде алынганы жазылып турат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн