Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кадырлуу боордошум! Мирзиёев Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипмамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо жолдоду

16.02.2023 12:51
282
Кадырлуу боордошум! Мирзиёев Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипмамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо жолдоду

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Куттуктоо катында мындай деп айтылат:


«Урматтуу Садыр Нургожоевич! Кадырлуу боордошум!


Мен чын жүрөгүмдөн кубануу менен Улуу Даражалуу Сизди жана боордош кыргыз элин Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм.


Биз эзелтеден бери тили, дини жана маданияты орток болгон өзбек жана кыргыз элдеринин ортосундагы түбөлүк достук жана ынак коңшулук мамилелерди жогору баалайбыз.


Өткөн мезгил аралыгында биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялар, парламенттер аралык достук топтору жана ишкерлер кеңеши түзүлүп, мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө биздин кыргызстандык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташуу жүргүзүлүүдө.


Айрыкча, биргелешкен аракеттердин аркасы менен биз артыкчылыктуу багыттар боюнча узак мөөнөттүү өнөктөштүгүбүздү жаңы деңгээлге көтөрө алдык. Атап айтканда, акыркы жылдарда өз ара соода бир нече эсеге көбөйүп, 1 миллиард доллардан ашкандыгы,


өнөр жай кооперациясы, суу чарбасы, энергетика жана транспорт тармактарында биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашырууда биздин байланыштарыбыздын практика жүзүнө чыгышы - биздин пикирибиздин ачык далили болуп саналат.


Чек ара аймактарынын башчыларынын кеңеши биздин чек арага жакын аймактарыбыздын экономикалык потенциалын толук ишке ашыруунун, бир туугандык байланыштарды чыңдоонун, эки элдин ортосундагы маданий-гуманитардык алакаларды кеңейтүүнүн уникалдуу механизми катары ийгиликтүү иштеп жатат. Аймактык масштабда чоң мааниге ээ болгон Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунда конкреттүү иштердин башталышы жана стратегиялык мааниге ээ Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, чындап келгенде, бүтүндөй эл аралык коомчулукка биздин өлкөлөр ортосундагы тыгыз достукту ачык-айкын көрсөтүп турат.


Урматтуу Садыр Нургожоевич!


Үстүбүздөгү жылдын январь айында кайталангыс кыргыз жергесине болгон сапарымдын жүрүшүндө өз ара ишенимдин жана ачыктыктын духундагы жемиштүү сүйлөшүүлөр, ошондой эле Сиз менен жетишилген тарыхый макулдашуулар өзбек-кыргыз мамилелеринин жаңы барагы болору шексиз. Айрыкча, биздин байланыштарыбызды ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине көтөрүү жана көп жылдардан бери чечилишин күтүп келген мамлекеттик чек ара маселелерин биротоло чечүү - биздин натыйжалуу дипломатиялык мамилелерибиздин ачык-айкын көрүнүшү.


Жакшы умтулуулар жана жалпы күч-аракеттер менен, ошондой эле жогорку деңгээлдеги бири-бирибизге болгон визиттер аркылуу биз келечекте көп кырдуу жана өз ара пайдалуу кызматташуубузду мындан да жогорку деңгээлге чыгара алабыз», — деп айтылат куттуктоодо.


Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми көп улуттуу кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана ар дайым прогресс болушун каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн