Бугу 14, 2024
Убакыт: 01:51
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

“Каганат” командасынын машыктыруучусу келишимин бузду

05.07.2020 13:30
871
“Каганат” командасынын машыктыруучусу келишимин бузду


Ош шаарынын “Каганат” командасы тажикстандык машыктыруучу Хаким Фузайлов менен келишимин эки тараптуу бузду. Бул тууралуу клубдун маалымат кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, пандемиядан улам жаралган жагдайга байланыштуу “Каганат” клубунун башкы машыктыруучусу менен команданын жетекчилиги иштешүүнү токтоткон.


Ошондой эле командадан казакстандык дарбазачы Азамат Жоомартов менен украиналык жарым коргоочу Андрей Ляшенко дагы кеткени айтылууда.


Белгилей кетсек, Ош шаарынын командасынын катарында Украина, Казакстан, Тажикстан, Россия жана Белоруссиядан келген 10 легионер бар болчу. “Каганат” командасы Кыргыз Премьер-лигасына быйыл алгачкы ирет катышып жатат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн