Дүйнөдө, региондо экономикалык каатчылык жана туруксуздуктун эки булагы күчөп турат. Биринчиси, жалпынын үрөйүн учуруп жаткан таажылуу вирустун жайылышы, анын айынан чек аралардын жабылышы, товарлардын өтпөй калышы болсо, экинчиси мунайга баанын кескин арзандашы менен Россия, Казакстан сыяктуу бизге жакын өлкөлөрдө финансы-валюталык туруксуздуктун келип чыгуу мүмкүнчүлүгү.
9-мартка карай Россияда бир доллардын баасы 73-74 рубльга чыкты. Дүйнөдө акциялар баасы төмөн кулоодо. Казакстан бийлиги белди бекем буунун амалын жасоодо. Март айынын башында Тажикстан бир баш-аламандыкты кечирди. Кыямат жакындагандай уу-дууга алдырган тажиктер базарларда, дүкөндөрдө азык-түлүк, унду калтырбай сыймап кетишти. Үч күн бою талоон жүрдү...
Рублдин кунунун кетиши биринчи кезекте эмгек мигранттарынын кирешесинин кыскарышына алып келет. Эмгек мигранттары үчүн 1 рубль 1 сом 60 тыйын болуп турган убак идеалдуу эле. Анткени 10 миң рубль мекенине которсо, ал 16 миң сом болуп турган. Эми 10 миң рубль которсо, 9 миң сом болуп кала турган болууда.
Кытайдан келип жаткан товар агымдары токтоду. Бул бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшпөй калышына, тигүү тармагынын, орто-чакан ишкерликтин аксоосуна алып келүүдө. Бул мамлекеттин айлык акы, пенсияларды өз убагында төлөө мүмкүнчүлүгүнө коркунуч келтире турган жагдайлардан...
Кыргыз коомчулугун пессимизмге, “баягысы-баягы” деген иренжүүгө түрткөн ички жагдай да күч алууда. Ош, Токмок, Каракол шаардык кеңештерине шайлоого байланышкан өзүм билемдиктер, мыйзамсыздыктар, бандиттик сабашуулар-бийлик башчысынын аларды көрбөдүм, укпадымга салып коюшу иренжүүнүн жаңы бир булагы болуп калууда.
Ага чейин коррупциянын мурунку абалда калышы, экономикалык өсүштүн жоктугу иренжүүнүн булагы болуп турган эле.
Айданбек Акматов
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн