Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:43
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Калкым жанын тырышып багып жатат, кандидаттар жоргосун чабып жатат

07.01.2021 18:14
604
Калкым жанын тырышып багып жатат, кандидаттар жоргосун чабып жатат
Калкым жанын тырышып багып жатат,
Кандидаттар жоргосун чабып жатат.
Үңүрөйүп каптаган кара түтүн,
Үмүттөрдү негедир алыстатат.

Күздү көмүп карына кыш да келет,
Кышты коштоп жылына ыш да келет.
Кара аюуга айланат аппак аюу,
Жигит барып бергиче кызга белек.

Жаңылыктар дүйнөлүк кеп кылганда,
Коопсуз эмес, кооптуу шаар деп турганда.
Куш аттуулар айланып учуп жүрөт,
Конобуз дейт, оңтойлуу ТЭЦ курганда.

Кара селде бул ТЭЦтин оронгону,
Кара түтүн калаада жоголбоду.
Кайран гана Бишкегим, борборум ай,
Чоңдоруң же жолдоруң оңолбоду.

Кырдан аша албаган өлкөбүздү,
Кыйначудай көк түтүн көпкө бизди.
Ковид менен күрөшүп бүтө албаган,
Колдо Кудай, колдогун өпкөбүздү...


АКБАР Кубанычбеков

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн