Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 19:56
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Калкты жана турак жай фондун каттоо жылдырылды

19.03.2020 09:49
884
Калкты жана турак жай фондун каттоо жылдырылды


Калкты жана турак жай фондун каттоо жылдырылды. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана парламенттин фракция жетекчилери менен жолугушуп жатканда айтылды. 


Маалыматка ылайык, калкты жана турак жай фондун каттоо бир айга кеч, тагыраак айтканда, 2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейин өтөт.


Бул жолугушууда өлкө аймагына коронавирустун киргендигине байланыштуу учурдагы абал талкууланды.  Мамлекет башчы Кыргызстан жалпы дүйнө коомчулугу сыяктуу эле олуттуу сыноого туш келип, өлкөдө биринчи жолу коронавирус илдетине кириптер болгондор катталганын белгиледи. Оорунун мындан ары жайылышына жол бербөө максатында болгон аракеттердин баары жасалып жатканын, Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигин жана эки республикалык штаб жигердүү иштеп жаткандыгын айтты.


Ошондой эле Президент күнү-түнү тыным албай иштеп жаткан дарыгерлерди жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылып жаткандарды колдоого чакырды.


Мындан сырткары учурдан пайдаланып саясий чайкоочулук жасоого аракет кылгандарга жол бербөөгө чакырды.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн