«КамАЗ» компаниясы менен Кыргызстанда автобус чыгарууну уюштуруу боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Документке Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев, “Шыдыр Жол Кей Жи” ЖЧКсынын башкы директору Токтобүбү Оргалчы жана «КамАЗ» ишканасынын башкы директору Сергей Когогин кол коюшту. Келишимге ылайык, тараптар Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн газ автобустарын жана электр автобустарын өндүрүү иши боюнча кызматташат.
Май айында «КамАЗ» ишканасынын делегациясы Кыргызстанга келип, жергиликтүү машина куруу ишканаларынын иши менен таанышкан. Андан кийин орусиялык компания ушул багытта иштеген ишканалар менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн