Камбар-Ата-1 ГЭСи толугу менен 6,5 жылда курулуп бүтөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, учурда мамлекеттик бюджеттен 4 млрд сом бөлүнүп, даярдык иштери жүрүп жатат. Бул каражатка туннель, жолдор, көпүрөлөр салынды. Мындан сырткары, каражатка ошол жерде кызмат өтөөчү кызматкерелерге жатакана курулууда.
“Камбар-Ата-1 ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Ушул компания үч мамлекттин ортосундагы келишимди даярдайт. Бул боюнча бизде май айында Түркияда жолугушуу болот. Жолугушууда дүйнөлүк донорлордун кайсынысы канча каражат бөлөрү белгилүү болот”, - деди министр.
Министр кошумчалагандай, эсептөөлөр боюнча, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 3,5 млрд доллар сарпталат жана 6,5 жыл убакыт керектелет. Эгерде үстүбүздөгү жылы каржылоо маселеси чечилсе, жылдын аягында куруу иштери башталат.
“Келишимдерге кол коюлгандан кийин, куруучу ишканалар арасында сынак жарыялайбыз. Сынак үч этап менен өткөрүлөт. Ишкана тандалгандан соң, курулушка старт берилет”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн