Учтун айы 18, 2025
Убакыт: 11:13
USD
87.30
87.80
EUR
89.90
90.90
RUB
0.845
0.880

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жакынкы күндөрү башталат

22.05.2022 16:45
990
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жакынкы күндөрү башталат

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жакынкы күндөрү башталат. Мындай пикирин Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.


"Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында ГЭС плотинасы, бурма каналы жана машиналык зал курула турган жер менен тааныштым. Ошондой эле курулушчулар менен долбоорду ишке ашыруунун биринчи баскычы, плотинанын кирме жолунун тазаланышы жана курулуш иштери жөнүндө сүйлөштүм. 


Көз коркок, кол баатыр! Бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздай турган өтө маанилүү долбоор. Азыркы учурда биз болгон күчүбүздү Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна жумшай турган болсок, анын акыбети кайта турган күн алыс эмес",- деди Энергетика министри.


Андан сырткары, бул ГЭС  Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө мультипликативдик натыйжага ээ болуп, мигранттар жумуш орундары менен камсыз болуп, бүтүндөй бир чоң топтун өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн