Теке 27, 2025
Убакыт: 13:54
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды (фото)

13.06.2020 10:09
1672
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды (фото)

Акча опузалоо жана курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун жигердүү мүчөлөрү кармалды.

kaktus.media сайтынын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 9-июнунда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө К.А. аттуу жаран азыр менен кайрылып, чала тааныш адамына карата чара көрүүсүн суранган. Арызда айтылгандай, күч колдонуп, коркутуу жолу менен андан 1 миң доллар опузалап алышкан.

Бул факты Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестерине каттоого алынып, 203-берене (Опузалоо) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук өндүрүш башталган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүндө Бишкек шаарынан бул кылмышка шектүү болуп Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү делген үч жаран кармалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн