Аяк оона 27, 2024
Убакыт: 18:10
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.930

Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушуна капсула салды

27.09.2024 14:44
125
Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушуна капсула салды


Бүгүн Ысык-Көл облусунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Хан-Теңири” беш жылдыздуу мейманканасынын курулушун баштоого капсула салды.

Иш-чарада Камчыбек Ташиев белгилегендей, Ысык-Көл обулусунда алгачкы ирет 5 жылдыздуу мейманкана салынып жатат. Бул долбоорду ишке ашырууга 160 млн АКШ доллары тартылды.

Анын айтымында, ири инвестициялар Ысык-Көл облусуна гана тартылып жаткан жок, жакын арада Жалал-Абад облусунда аэропорттун курулушу башталат. Мындан сырткары, ал президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү 400 млн долларлык жаңы заводдун курулушуна капсула саларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 8 кабаттуу “Хан-Теңири” мейманканасы “Тамчы” аэропортунан 700 метр аралыкта жайгашкан. Жер тилкесинин жалпы аянты 99 994 чарчы метрди түзөт, курулуш аянты - 48 476 чарчы метр.

Долбоорго ылайык, мейманканада президенттин номер, 100дөн ашык стандарттык номерлер, бассейн, жыйындар залдары, спа-борбор, спорт аянтчалары, ресторан, унаа токтоочу жай болот.

Курулуш иштерин эки жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн