Учтун айы 24, 2025
Убакыт: 06:46
USD
87.30
87.80
EUR
90.70
91.70
RUB
0.870
0.900

Камчыбек Ташиев Ош облусундагы сел жүргөн аймактардагы абал менен таанышып, тургундар менен жолукту

19.07.2024 15:01
281
Камчыбек Ташиев Ош облусундагы сел жүргөн аймактардагы абал менен таанышып, тургундар менен жолукту


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы сел жүргөн аймактардагы абал менен таанышууда.

Жеринде Камчыбек Ташиев тик учак менен Ош облусунун жана Ош шаарынын сел каптаган аймактарындагы абалды көрүп чыкты.

Ал өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов жана тийиштүү жетекчилерге жеринен ыкчам тапшырмалар берүүдө.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев селден жабыркаган жергиликтүү тургундардан кабар алып, мамлекет тарабынан даректүү жардамдар көрсөтүлөрүн айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн