Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:13
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Камчыбек Ташиев Сурабалдиевага жооп берип, оор кылмышка шектүү депутаттар бар экенин билдирди

24.11.2022 11:38
302
Камчыбек Ташиев Сурабалдиевага жооп берип, оор кылмышка шектүү депутаттар бар экенин билдирди

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Эльвира Сурабалдиеванын айткандарына жооп берди жана парламентте өзгөчө оор кылмышка шектүү депутаттар бар экенин билдирди.


Ташиевдин айтымында, кылмышка шектүү депутаттар боюнча азырынча териштирүү иштери жүрүп жатат.


"Урматтуу Эльвира Сурабалдиева, биз сизди депутат катары сыйлайбыз. Бирок негизсиз айыптарды айтпасаңыз. Сиздерге таандык болгон "Кудайберген" базары мамлекетке 70 миллион сом салык төлөгөн эмес. Алар боюнча Салык кызматына кайрылыңыз. Мыйзамсыз иштер болсо биз чара көрөбүз",- деди Ташиев.


Мындан сырткары, атайын кызматтын башчысы депутаттардын арасында өзгөчө оор кылмышка шектүү депутаттар бар экенин кошумчалады.


"Азыр айтып коёюн араңыздарда өзгөчө оор кылмышка шектүү депутаттар бар. Алар боюнча азыр териштирүү иштери жүрүп жатат. Кылмыш козголсо дагы айтып чыкпаңыздар",- деди УКМК төрагасы.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн