Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 22:46
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Камчыбек Ташиев Талас облусунун аксакалдары менен жолугушту

21.11.2022 17:51
302
Камчыбек Ташиев Талас облусунун аксакалдары менен жолугушту

Бүгүн, 21-ноябрда КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аксакалдары менен жолугушту.


УКМКнын басма сөз кызматынан билдиргендей, бул жолугушуунун катышуучулары азыркы өкмөттүн жана жеке К.Ташиевдин ишмердүүлүгүнө карата жакшы пикирлерин айтышып, ошол эле учурда мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын толук колдой тургандыктарын белгилешти.


Өз кезегинде УКМК башчысы Ташиев Өзбекстан менен Кыргыз мамлекеттик чек араны 100% чечүү маселелерине, аскердик-техникалык потенциалды жогорулатуу жана экономикалык өсүш ж.б. өлкөдөгү болуп жаткан процесстердин негизги аспектилерине токтолду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн