Бугу 10, 2024
Убакыт: 07:32
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Камчыбек Ташиев акча алган чек арачыларды тыйып койсун

23.11.2020 13:34
981
Камчыбек Ташиев акча алган чек арачыларды тыйып койсун

Андижонга барай дедимо, бара албадым деп, ырдагандар барып келгиле. Эки күн алдың, жол түшүп, Өзбекстанга барууга туура келди. Мамиле жакшы болуп калыптыр. Кире бериште Ковидке ПЦР тест тапшырат экенсин. Буквально бир минутада чыгат экен. Биздин сомдо 1400 болду. Тамактанайын деп эки фарш шашлык, жарты нан бир чайнек чайы менен алсам, 75 сом болду. Ана арзанчылык. Бирок аларда да эт тартыш окшойт, тооктун этинен экен фаршы.


Мамлекеттик ишканалар тыкан таза экен. Таксиде баратсам Кыргызстандын чек арачыларына капа экенин айтышты. Жашыраак балдар болсо, же Орусиядан келе жаткандар болсо баса калып акчасын алышат дешет. Келиңиз сүйлөң, мен видеого тартам десем коркту. Орусиядан түз аларга учса жол кире кымбат экен. Ошого Ош аркылуу учабыз дейт. Ошого чек ара кызматынын жетекчилеринин кулактарына күмүш сырга, келген чет элдиктерге жакшы мамиле кылсаңар. Алар төрт тыйындан таштап кетсе канчасына пайда. Таксистерге, тамак саткандарга, сувенир саткандарга ж.б. Ошого мындай туура эмес көрүнүштөрдү жоюш керек. Азыр чек  ара кызматы да УКМКга өттү окшойт. Ошого Камчы Ташиевге да жеткирип койсоңор, тыйып койсун туура эмес иштегендерди?


Толкунбай Чили Сай


https://www.facebook.com/tolkunbaj.akmatov/posts/3625607827482829?__cft__[0]=AZVSrd4fGFKnobIbdtYYeYfwTtIRWwmz49opSR3ibRaxJEdzeO77F6CFksQ9XkEpQvoUldRChr9GzXHsGeRwL_64DkFsG0sWzcOJrgDWh9FsY6m1DW0EE4_D0N1BxXnp1L0&__tn__=%2CO%2CP-R

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн