Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасындагы Бек-Абад постуна барды

14.12.2022 15:48
343
Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасындагы Бек-Абад постуна барды

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы Бек-Абад чек ара өткөрмө пунктуна барып, курулуш иштеринин жүрүшү жана постту ачууга даярдыктар менен таанышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара толук аныкталып бүткөндөн кийин, эки өлкөнүн ортосундагы бир нече өткөрмө постторду ишке киргизүү макулдашылган. Анын ичинде Жалал-Абад облусунан 6, Оштон 3 чек ара өткөрмө постту ачылуусу күтүүлүүдө.


"Бек-Абад" чек ара посту жөө адамдарды жана унааларды өткөрүүгө ылайыкталууда. Кирип чыккандарды каттоо үчүн жалпы алты терезе орнотулуп, күнүнө 7-8 миң кишини тейлөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. 


"Бек-Абад" чек ара өткөрмө пункту Жалал-Абад облусун Өзбекстандын Андижан облусу менен бириктирет. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жалпысынан 15 чек ара өткөрмө бекеттери бар.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн