Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 23:33
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Камчыбек Ташиев кызматтан кеттиби? Президенттик администрация жооп берет

21.12.2021 15:46
917
Камчыбек Ташиев кызматтан кеттиби? Президенттик администрация жооп берет

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясы "Кактус.медиага" билдирди.


Белгилей кетсек, социалдык тармактарда президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын спикерин тандоого байланыштуу пикир келишпестик чыкканы тууралуу маалымат тараган. Мындан улам, Камчыбек Ташиев өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазды деп кабарланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн