Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Камчыбек Ташиев өзүнүн дарегине айтылган сындарга пикирин билдирди

21.06.2022 17:05
1079
Камчыбек Ташиев өзүнүн дарегине айтылган сындарга пикирин билдирди


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев акыркы кырдаалдарга байланыштуу дарегине карата айтылып жаткан сындарга пикирин билдирди. Айтымында, ал жоопкерчиликтүү кызматты аткарып жаткандыгына байланыштуу кызматтан убактылуу четтей албайт.


"Акыркы окуялар боюнча азыркы тапта мамлекет тарабынан комиссия түзүлдү, андан тышкары өзүбүздүн ички комиссия да иштеп жатат. Аскер прокуратурасы тарабынан иш козголгон. Учурда комиссиянын, тергөөнүн жыйынтыктарын күтүп жатабыз.


Мен кызматтан убактылуу четтей албайм, анткени ушундай жоопкерчиликтүү кызматты аткарам. УКМКнын тергөө абагында буга чейин деле мындай фактылар (каза болгондор тууралуу) болуп келген, болбой коёт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мен ар бир адам үчүн моралдык жоопкерчиликти сезем", - деди ал журналисттерге.


Белгилей кетсек, бүгүн, 21-июнда саясий серепчи Марат Казакпаев менен "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия алгачкы жыйынын өткөрдү. Жыйынга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
https://www.super.kg/kabar/news/410843/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн