Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:16
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Камсыздандыруу салымдарын жыйноо салык кызматынын карамагына өтөт

14.05.2020 16:14
949
Камсыздандыруу салымдарын жыйноо салык кызматынын карамагына өтөт


Президент Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын жыйноону башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты — мамлекеттик социалдык камсыздандырууда камсыздандыруу салымдарын жыйноону башкаруу боюнча иш- милдеттерди Мамлекеттик салык кызматынын карамагына өткөрүп берүүнү мыйзамдык жактан камсыз кылуу болуп эсептелет.

Кабыл алынган мыйзам менен «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө», «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн