Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 08:12
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Канат Исаев «Кыргызстан» фракциясынын лидери болду

10.06.2020 15:21
876
Канат Исаев «Кыргызстан» фракциясынын лидери болду


Канат Исаев «Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп шайланды, деп билдиришти аталган фракциянын депутаттары. Чечим фракциянын 10-июнундагы отурумунда кабыл алынган. 


«Кыргызстан» фракциясын буга чейин Алмазбек Баатырбеков жетектеп келген, ал 9-июнда депутаттык мандатын тапшырган. Анын жана Руслан Чойбековдун ордуна бүгүн депутат болуп Замирбек Эсенаманов менен Бейшеналы Нурдинов ант берди. 


Буга чейин ушул эле фракциядагы Жаныбек Исаев жана Алмазбек Эргешев мандатын тапшырган. Алардын ордуна Жогорку Кеңешке ишкер Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробеков келген болчу.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн