Бугу 14, 2024
Убакыт: 11:04
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Канат Исаев кармалган депутаттардын күнөөсү аныкталбаса, тергөөчү, сотторду жоопко тартууга чакырды

03.06.2021 12:31
2104
Канат Исаев кармалган депутаттардын күнөөсү аныкталбаса, тергөөчү, сотторду жоопко тартууга чакырды

Камалган экс-премьер Өмүрбек Бабанов жана депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарыш керек. Мындай пикирин ЖК депутаты Канат Исаев парламенттин жыйынында билдирди.


Эл өкүлү саясатчыларга кандай күнөө коюлуп, кандай далилдер табылганы белгисиз экенин айтат.


"Козголгон кылмыш иши боюнча бизде маалымат жок, үстүртөн эле такталбаган божомолдор. Бирок камалгандардын бири Асылбек Жээнбеков ЖКнын эки чакырылышында төрага болгон. Өмүрбек Бабанов өкмөттү башкарды, 2017-жылы президенттик шайлоодо 600 миңге жакын добуш алган. Төрөбай Зулпукаров төраганын орун басары болгон. Үчөө тең салмактуу саясатчылар, кадыр-баркка ээ, кичи мекенинде чоң колдоосу бар. Булардын күнөөсү аныкталабы, андай болбосо камалышына ким жооп берет деген суроо жаралат. Андыктан алардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарыш керек. Албетте, күнөөсү болсо сот аркылуу далилдесин", — деди Исаев.


Ошондой эле ал учурдагы спикер Талант Мамытов, президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-депутат Өмүрбек Текебаев мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратылып, кийин баары акталганын мисал келтирди. Бирок бул иш үчүн бир да сот, бир да тергөөчү жоопко тартылбаганын белгиледи.

Депутаттын айтымында, Кылмыш кодекси боюнча, мыйзамсыз камоо тууралуу чечим чыгаргандар алты жылга чейин эркинен ажыратылат.


Белгилей кетсек, Кумтөр иши боюнча коррупцияга айыпталып мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Талант Узакбаев, Исхак Пирматов эки айга камакка алынган.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн