Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Каныбек Иманалиев КР билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду

07.09.2023 14:46
327
Каныбек Иманалиев КР билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду


Каныбек Иманалиев КР билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти. 

"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн билим берүү жана илим министри Иманалиев Каныбек Капашович ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта. 

Президент кол койгон башка Жарлыкка ылайык, Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн