Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 04:03
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Ишкер Каныбек Туманбаев “Клексан” дарысын акысыз таратып жатат

16.07.2020 15:52
2642
Ишкер Каныбек Туманбаев “Клексан” дарысын акысыз таратып жатат


Жеке ишкер Каныбек Туманбаев учурда эң керек болуп жаткан “Клексан” дарысын бекер таратып жатат. Бул тууралуу Шайырбек Абдырахманов өзүнүн фейсбук баракчасына жазды. Ошондой эле аталган дарыны алгандар да кабарлады. 

 

“Каныбек Туманбаев деген мыкты иним бар. Жанагы табылбай жаткан “Клексан”, Гепарин” сыяктуу дарылардын бир топ түрүн буйрутма берип алдырыптыр (угушума караганда көп дейт). Бүгүн дарыга муктаж адамдарга бекер таратып баштайт экен. Азаматсың үкөм! Бул жакшы жаңылыкты угуп абдан кубандым!” - деп билдирүү калтырган Абдырахманов.




Белгилей кетсек, буга чейин Каныбек Туманбаев жеке ишкерлерди элге дары-дармек жагынан бирге жардам берүүгө чакырган. Ошондой эле ал Бишкек шаарындагы азык-түлүккө муктаж болгон үй-бүлөлөргө кайрымдуулук колун сунуп, тамак-аш, азык-түлүк салынган 200 баштык жиберген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн