Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 10:33
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Кантта мурда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

27.01.2025 17:17
201
Кантта мурда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды


Кант шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаны мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызматтын маалыматына караганда, 1998-жылы 1,07 гектар аянтты ээлеген бала бакча, анын ичинен 14 сотых имараттын астындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен менчиктештирилип кеткени аныкталган.


УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздиги көйгөйүн эске алуу менен аталган комплекс максаттуу багыты боюнча пайдаланылуусу үчүн, башкача айтканда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу максатында Кант шаарынын мэриясынын муниципалитетинин балансына өткөрүлүп берилди.


УКМК органдары тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген Мамлекеттик мүлктү мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн