Бирдин айы 22, 2025
Убакыт: 14:50
USD
87.30
87.80
EUR
91.20
92.20
RUB
0.970
1.010

Кара-Балтада 15 кабаттуу ипотекалык батирлердин курулушу башталды

21.02.2025 17:09
64
Кара-Балтада 15 кабаттуу ипотекалык батирлердин курулушу башталды


Чүй облусунун Кара-Балта шаарында мамлекеттик ипотеканын алкагында жаңы турак-жай комплекси курулат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев капсула коюу аземинде билдирди.


Анын айтымында, президенттин тапшырмасы менен Кара-Балта шаарында 15 кабаттуу 60 блоктон турган турак-жай комплекси курулат. Комплекс жалпы жонунан 4 420 батирден турат.


Тургундар үчүн мындан тышкары, комплекстин аймагында 80 коммерциялык жай каралган.


Ага катар жергиликтүү тургундар үчүн бардык шарттар түзүлүп, заманбап инфраструктура камсыздалат.


Маселен:

  • 750 орундуу эки мектеп (2 нөөмөттүү);
  • 280 орундуу эки бала бакча;
  • Балдар аянтчалары;
  • Эс алуу зоналары;
  • 2 064 орундуу унаа токтотуучу жай;
  • Өзүнүн жеке заманбап жылуулук борбору (котельная) болот.

"Бул долбоор шаар тургундары үчүн алда канча ыңгайлуу. Ар бир курулуш өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот",-деген ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн