Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кара-Балтадагы колледжде сүттү кайра иштетүү борбору ачылды

11.10.2023 09:33
447
Кара-Балтадагы колледжде сүттү кайра иштетүү борбору ачылды


Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинде сүттү кайра иштетүү борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу катышты.

Окуу цехинде колледждин жана башка окуу жайлардын окутуучулары, насаатчылар, ишканалардын мастерлери жана лаборанттары үчүн теориялык жана практикалык сабактар, илимий изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Борбордун имараты эл аралык азык-түлүк коопсуздугунун HACCP стандартына жооп берет, ошондой эле майыптыгы бар адамдардын иштөөсү үчүн зарыл шарттар түзүлгөн.

Борбордун курулушу Германия өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча Deutsche Gesellschaft für internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Борбор Азиядагы экономикалык өсүш секторлору үчүн кесиптик билим берүү” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды.

Кара-Балта колледжи GIZ колдоосу менен Кыргызстанда биринчилерден болуп окуу жайда - теориялык жана ишканада практикалык окутуудан турган жаңы дуалдык билим берүү системасын пилоттук түрдө киргизген окуу жайы болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн