Тогуздун айы 22, 2025
Убакыт: 13:52
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.060
1.105

“Кара-Кече” көмүрүнүн баасын жогорулаткан айдоочулар “кара тизмеге” киргизилет

22.10.2025 10:57
28
“Кара-Кече” көмүрүнүн баасын жогорулаткан айдоочулар “кара тизмеге” киргизилет


“Кара-Кече” көмүр кенинен көмүр ташыган айдоочуларга расмий билдирүү таратты.


“Кыргызкөмүр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, эгерде “Кара-Кече” көмүр кенинен белгиленген баада алынган көмүр Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан бекитилген чектен жогору сатылганы аныкталса, мындай айдоочулар “Кара-Кеченин кара тизмесине” киргизилип, кийинки жолу кен аймагына кирүүгө тыюу салынат.


Учурда кенде көмүр баасы тоннасына 2460 сомду түзөт, ал эми Бишкек шаарында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бекитилген чектөөчү баа 6600 сомдон ашпоого тийиш.


Компаниядан белгилешкендей, көмүрдү 5–6 эсеге жогорулатып сатуу же бааны жасалма түрдө көтөрүү мыйзам бузуу болуп эсептелет.


“Бардык айдоочулардан өтүнүч, белгиленген бааларды сактап, мыйзам чегинде иштегиле. Бул гана бааларды туруктуу кармоого жана калкка жеткиликтүү көмүрдү камсыздоого мүмкүндүк берет”, - деди “Кара-Кече” филиалынын директору Талант Скандербеков.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн