Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кара-Кечеде көмүрдү өзүм билемдик менен ташып кеткен каймана аттуу "Саяк" жана "Мики Чор" кармалды

08.12.2022 15:39
656
Кара-Кечеде көмүрдү өзүм билемдик менен ташып кеткен каймана аттуу "Саяк" жана "Мики Чор" кармалды

Нарын облусунун Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.


 2022-жылдын 7-декабрында КР УКМК жана Нарын облусунун ИИБ менен биргеликте, «Кыргыз-Көмүр» МИнын Кара-Кече кенинен көмүрдү мыйзамсыз чыгарып кеткендиги үчүн, күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде эл үчүн жеңилдетилген арзан баада аныкталган №24 бөлүмдөн, «Саяк» каймана аты бар К.М. жана "Мики Чор" каймана аты бар Ж.М. аттуу Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды.

  Эскерте кетсек, буга чейин күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде өлкө жетекчилиги Кара-Кече көмүр кенинин №24 профилдик участогун эл үчүн тоннасына 4000 сомдон арзан баада аныктаган. 


  Ошентип, К.М. жана Ж.М. 2022-жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына караган түнү «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлерине күч колдонобуз деп коркутуп, жеке баюу максатында ал жерден өзүм билемдик менен көмүр ташып кетишкен.


  Учурда кармалгандар Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн