Бугу 04, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жер көчкүдөн кийин Кара-Кечедеги жолду салуу иштерин күнү-түнү жүргүзүү сунушталды

17.09.2020 09:40
881
Жер көчкүдөн кийин Кара-Кечедеги жолду салуу иштерин күнү-түнү жүргүзүү сунушталды


Кара-Кечеде жаңы жолду салуу иши күндүз гана жүргөндүктөн, ишти күнү-түнү да жүргүзүү туралуу сүйлөшүүлөр болду.  Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, жеринде өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов,  Нарын облусунун губернатору Эмилбек Алымкулов, Жумгал токой чарбасы тармагынан  Бердибек Самудинов, Нарын районунун акими, Жол министрлигинин өкүлү, РИИБдин башчысы, "Кыргызкөмүр" ишканасынын директору Канат Ашырбаев болушту.


Маалым болгондой, мурда  бир аптада салынып бүтөт деген божомол болуп, бирок азыр деле тоодон таштар токтобой түшүп жаткандыктан, жаңы жол  10-15 күндө толугу менен салынып бүтүүсү күтүлүүдө. Жаңы салынып жаткан жол тоонун боору менен 3 чакырым 200 метрди түзөт. 


Адистердин айтымында, жол кенен болот, ичке жагы 6 метр, кенен жагы 8 метрди түзөт.  Дагы чоң таштар түшүүсү мүмкүн деген коркунучтар болгондуктан, РЭСке электр жана мобилдик  чубалгыларын сайдын аркы бети менен өткөрүү сунушу киргизилди. 


Учурда жеринде үч техника иштеп жатат. Төрт тонна солярка алынды. Жол министрлиги тарабынан дагы эки экскаватор келери күтүлүүдө. 


Буга чейин маалымдалгандай, 15-сентябрда Кара-Кече көмүр кенинде жер көчкү жүргөн. Жер көчкү Дыйкан – Кара-Кече жолунун 37-чакырымында жүрүп, Кара-Кече суунун тосуп калган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн