Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:22
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кара-Көлдө адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

29.03.2024 12:06
695
Кара-Көлдө адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды


Кара-Көлдө адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милицияынан билдиришти. 

Милицияга Кара-Көл шаарындагы үйлөрдүн биринде болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя 20-мартта саат 04:30да катталган.

Жерине атайын тергөө-ыкчам тобу барып, денесинен алган жарааттынан каза болгон 47 жаштагы кишинин сөөгүн табышкан.

Бул окуя Кара-Көл ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Кара-Көл шаарынын тургуну 1980-жылы туулган К.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү менен каза болгон жаран спирт ичимдигин ичип отуруп, сөз талаша кетип шектүү каза болгон жаранды уруп койгондугу белгилүү болгон", - деп айтылат билдирүүдө. 

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн