Жетинин айы 05, 2025
Убакыт: 17:10
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.075
1.105

Кара-Көлдө муктаж болгон 32 үй-бүлөгө батир берилди

05.11.2025 15:03
18
Кара-Көлдө муктаж болгон 32 үй-бүлөгө батир берилди


Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Кара-Көл шаарында 32 батирлүү көп кабаттуу турак үйдүн ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.


Ошондой эле иш-чарага Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.


Турак үйдүн курулушу алгач 1985-жылы башталып, бирок каржылоо жана долбоордук иштердин үзгүлтүккө учураганынан улам, көп жылдар бою толук бүткөрүлбөй келген. 2024-жылдын август айында имаратта өрт кырсыгы катталып, 16 үй-бүлө турак жайсыз калган.


Бул көйгөйдү чечүү максатында жергиликтүү бюджеттен 50 млн сомдон ашуун каражат бөлүнүп, имарат толугу менен реконструкцияланды.


Батирлер №85 үйдүн жашоочуларына, ошондой эле турак жайга муктаж жана майыптыгы бар 32 жаранга берилди.


Ачылыш аземинде облус башчысы Тилек Текебаев конуш ээлерин куттуктап, бул турак үйдүн бүткөрүлүшү мамлекеттин жана жергиликтүү бийликтин жарандардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган маанилүү кадамдарынын бири экенин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн