Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 09:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.935
0.960

Кара-Көлдө жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери мамлекетке 4 млн сомго жакын өлчөмдө зыян келтиришкен

14.01.2022 15:28
758
Кара-Көлдө жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери мамлекетке 4 млн сомго жакын өлчөмдө зыян келтиришкен



Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек-Ош автомобиль жолунун мамлекеттик дирекциясынын №30 жол тейлөө мекемесинин учурдагы жетекчисинин аталган ишкананын мурдагы жетекчилигине карата жазган арызынын негизинде текшерүү жүргүзүлдү.


Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, жогоруда белгиленген мекеменин мурдагы жетекчилиги тарабынан 2020-жыл ичинде мамлекетке жалпысынан 3 932 769 сом зыян келтирилгендиги аныкталды. Тактап айтканда, жолду тейлөө максатында тендер аркылуу сатылып алынган 114 тонна битум, 150 даана жол белгилери жана башка баалуу материалдар иш жүзүндө жок болуп чыккан.


Бул факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши колголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн