Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Кайым-Талаа айылында жайгашкан мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, алоолонгон жалын саат 15:28де курчоого алынган. Азырынча жабыркагандар жана окуянын келип чыгуу себеби тууралуу маалымат жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн