Кара-Кулжа жана Алай райондорунун борборлорунда мамлекеттик кызматтарды бир жерден көрсөтүүгө багытталган заманбап коомдук-маданий борборлордун курулушу жүрүп жатат.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, үч кабаттуу бул имараттарда жергиликтүү тургундар жана райондун коноктору үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Атайын долбоордун алкагында:
— кинотеатр;
— машыгуу залы;
— банк бөлүмдөрү;
— тейлөөчү уюмдар;
— конференц-зал жана башка кызмат көрсөтүүчү жайлар каралган.
Бул ири социалдык долбоор президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаевдин демилгеси аркылуу ишке ашырылып жатат.
Максаты тоолуу райондордун инфраструктурасын жакшыртуу, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана жаңы жумуш орундарын ачуу болуп саналат.
Объекттердин курулушу менен өлкө башчы Садыр Жапаров буга чейин иш сапары маалында жеринен таанышкан.
Курулуш иштери КР Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн