Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 14:26
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Кара-Кулжада УАЗ сууга түшүп кетип, куткаруучулар жүргүнчүнү издешүүдө

Кара-Кулжада УАЗ сууга түшүп кетип, куткаруучулар жүргүнчүнү издешүүдө


Ош облусунун Кара-Кулжа районунда УАЗ унаасы дарыяга түшүп кеткен. Куткаруучулар жүргүнчүнү издеп жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, кечээ Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 77-чакырымында (Күйүк участогу) жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа дарыяга кулап кеткен.


26 жаштагы айдоочу унаадан чыгууга үлгүрүп, 24 жаштагы жүргүнчү салондо калган. Жигитти издөөгө куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган.


Издөө иштери бүгүн да улантылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн