Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 20:43
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Кара-Кулжада соцкызматкерлер үчүн жаңы имараттын курулушу башталды

29.04.2025 15:13
27
Кара-Кулжада соцкызматкерлер үчүн жаңы имараттын курулушу башталды


Кара-Кулжада райондук Эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.


Иш-чарага эмгек министри Равшанбек Сабиров жана президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, ошондой эле жергиликтүү бийликтин жана район тургундары катышты.


Жаңы имаратты куруунун максаты - эмгек, социалдык коргоо жана миграция чөйрөсүндө калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү. 


Иш-чаранын жүрүшүндө Равшанбек Сабиров президент СадырЖапаровдун колдоосу менен өлкөнүн ар кайсы аймактарында тогуз имараттын курулушу күтүлүп жатканын белгиледи. 


"Алардын баары ар кандай заманбап талаптарга жооп берип, кызматкерлердин шарттарын жакшыртуу жана жарандарыбыздын тейлөө сапатына оң таасирин тийгизүү максатында жасалып жатат", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн