Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 12:29
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кара-Суу районунда 18 жаштагы кыз инисин өлтүрүүгө шектелип кармалды

Кара-Суу районунда 18 жаштагы кыз инисин өлтүрүүгө шектелип кармалды


Кара-Суу районунда 18 жаштагы кыз инисин өлтүргөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Каргашалуу окуя 25-март күнү Кызыл-Кыштак айылында болгон. Маркум 10 жашта болчу.


Алдын ала маалыматтар боюнча, жашы жете элек кыз инисинин мойнуна учтуу нерсе менен чаап жиберген, натыйжада алган жараатынан улам каза болгон.


Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси “Киши өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголду.


"Учурда кыз кармалган. Керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн