Кара-Суу районунда аял үч баласы менен иске ууланып каза тапты. Бул тууралуу Ош облустук ИИББ билдирди.
Каргашалуу окуя 3-мартта болгон.
"Милицияга 31 жаштагы аял, анын алты жана үч жаштагы балдары, жети жаштагы тууганы иске ууланып каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Үй-бүлө башчысы Россияда эмгек миграциясында жүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Милиция текшерүү иштерин баштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн