Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 00:14
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Кара-Сууда Матраимовго тиешелүү делген 26 мүлк камакка алынды

16.02.2024 14:10
646
Кара-Сууда Матраимовго тиешелүү делген 26 мүлк камакка алынды


Ош облусунун Кара-Суу районунда бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго тиешелүү делген 26 кыймылсыз мүлк камакка алынганы белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттык” Кара-Суу райондук каттоо кызматынын башчысынын орун басары Мухамедали Мамашевге таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, камакка алынган мүлктүн арасында “Исмаил ата” атындагы мечит, “Исмаил ата” чайканасы да бар.

“Атайын кызматтын 2024-жылдын 19-январдагы 487-номурлуу каты менен Кара-Суу районунда биздин кызматтан каттоодон өткөн 26 мүлк бирдиги камакта турат. Анын ичинде үйлөр, мамлекеттен үлүшкө алган жерлери да камакка алынган”, - деди ал.

Эске салсак, УКМК Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү Ош шаарындагы үйгө 14-февралда мөөр басып кеткен. Турак жай Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндө жайгашкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн