Кара-Сууда канаттуулар фабрикасынын аймагы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Атайын кызмат мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү жана аны мамлекеттин менчигине кайтаруу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында жайгашкан мурдагы “Кара-Суу канаттуулар фабрикасынын” аймагын жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысын аныктады.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2003-жылы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарын бузуу менен мурда “Кара-Суу канаттуулар фабрикасына” тиешелүү болгон жалпы аянты 10 гектар жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп берүүгө шарт түзгөндүгү такталды.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жогоруда аталган жер тилкеси мамлекеттик баланска кайтарылды.
Учурда тиешелүү иш-чаралар уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн