Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кара-Сууда мыйзамсыз документтештирилген жерди 350 миң долларга сатууга аракет кылган кызматкер кармалды

29.12.2022 13:57
324
Кара-Сууда мыйзамсыз документтештирилген жерди 350 миң долларга сатууга аракет кылган кызматкер кармалды

Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалым болгондой, УКМК Ош областтык жана Ош шаардык башкармалыгы КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюняа кылмыштырдын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында, Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын кызматкери Э.Б. кармалды.


Иштин материалдарында, аталган кызматкер 2022-жылдын 21-декабрында жасалма документтердин негизинде 0,65 гектар жер тилкесине мамлекеттик күбөлүк каттатып алган. Алынган маалыматка караганда, кылмыштуу топтун мүчөлөрү аталган жер тилкесин чет элдик инвесторлорго 350 миң АКШ долларына сатууга аракет кылып, КР УКМК тарабынан токтотулган.

Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнө карата тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


КР УКМК, мүмкүн болуучу терс финансылык кесепеттерди алдын алуу үчүн кыймылсыз мүлктү сатып алуучуларга кыймылсыз мүлктү сатып алардан мурда аларды кылдат изилдөө жана текшерүүнү жүргүзүүнү эскертет.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн