Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кара-Сууда сабалган 81 жаштагы карыя окуя кандай болгонун айтып берди

26.08.2020 14:14
1514
Кара-Сууда сабалган 81 жаштагы карыя окуя кандай болгонун айтып берди


Ош облусунун Кара-Суу районунда ур-тепкиге алынган 81 жаштагы Калыбек Исаков окуя кандай болгонун айтып берди. Бул тууралуу видеону 7-канал жарыялады. 


Аксакаладын айтымында, ал дүкөндөн чыккандан кийин бетине тепки жеген. 


"Мен дүкөндөн тамеки алып чыккандан кийин бетиме тепки жеп, кулап калдым. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым. Дүкөндөгү сатуучу унаа таап, мени үйгө жеткирди", - дейт ал. 


Калыбек Исаков эки күн өткөндөн кийин ооруканага кайрылган. Дарыгерлер анын буту сынганын айтып, гипстеп таңып беришкен. 


Буга чейин Ош ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Кара-Суу районунда 81 жаштагы карыяны ур-тепкиге алган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 







Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн