Ош облусунун Кара-Суу районуна жаңы дайындалган аким Турусбек Ногоев өзү тууралуу айтылып жаткан маалыматтарга комментарий берди. Буга чейин айрым ЖМКлар ал уюшкан кылмыштуу топко аралашкан жана кримтөбөл Алмазбек Бокушевдин өкүл баласы деп жазышкан.
Аткаминер Ногоев кримтөбөлдүн өкүл баласы экенин ырастап, бирок уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмесмин деген комментарийин берди.
"Мамлекеттик кызматтарда болгон аракетимди жумшап, элиме ак кызмат кылып келе жатам. Мен жөнүндө тарап жаткан маалыматтардын баары жалган. Өмүрүмдө кылмыш жасаган киши эмесмин. Мен 1994-жылы мугалим болуп иштегем. Ал кезде Алмаз Бокушев мектепте машыктыруучу эле. Кыргызда өкүл ата шайламай салты бар. Ошол жылдары үйлөнгөнүмдө ата-энемдин каалоосу менен аны өкүл ата кылгам. Андан кийин экөөбүз өз жолубузга түшкөнбүз. Бири-бирибиз менен жумушка байланыштуу катышыбыз жок. Мурда жамандык-жакшылыктарда гана көрүшүп калчубуз", — деди Ногоев.
Аны менен катар жаңы аким районду өнүктүрүүгө тажрыйбасы да, билими да жетиштүү экенин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн