Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 20:42
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Каракчылык менен телефон уурдоого шектелип 3 жаран кармалды

11.03.2021 17:59
960
Каракчылык менен телефон уурдоого шектелип 3 жаран кармалды

Бишкекте тоноого шектелген үч жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


1-февралда шаардык тургун милицияга кайрылган. Анын айтымында, ал Көк-Жар кичи районунда өз унаасында отурганда, белгисиз адамдар эшикти ачып, анын телефонун н күч менен тартып алышкан.  Телефондун баасы 30 миң сом болгон.


Бул факт КЖБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси ("Каракчылык") менен катталган.


Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү кармашты. Алар 1990-жылы туулган С.А., 1995-жылы туулган Р.Н. жана 1996-жылы туулган Т.И.болуп чыккан.  Кармалгандар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин ИИМ аныктайт. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн