Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:25
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Каракол шаарында ооруканалардан уюлдук телефондорду уурдаган шектүү кармалды

27.05.2024 17:48
610
Каракол шаарында ооруканалардан уюлдук телефондорду уурдаган шектүү кармалды


Каракол шаарында ооруканалардан уюлдук телефондорду уурдаган деген шек менен 26 жаштагы жаран кармалганын Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.


Милицияга аял арыз менен кайрылып, жеке клиникалардын биринин тез жардам бөлүмүнөн уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Ушул эле күнү уюлдук телефон уурдалганы боюнча дагы билдирүү түшкөн, бул жолу аймактык оорукананын бөлүмүнөн. Аталган фактылар КР Кылмыш-жаза кодексинин «Уурдоо» беренеси менен катталган. Тергөөгө чейинки иш-чаралар башталды.


Укук коргоо кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Ал Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын 26 жаштагы тургуну, мурда ушундай эле кылмыш үчүн соттолгон жаран болуп чыккан. Ал эки айга камакка алынган. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешесин аныктап жатышат.


Укук коргоо кызматкерлери шектүүнүн колунан жабырлангандарга кайрылып, бул тууралуу Каракол ШИИБинин 0703332166 номуруна билдирүүнү суранууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн